09:44
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

15 жылда Кыргызстан Евразия турукташтыруу фондунан 660 миллион доллар алган

2009-жылдан бери Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстандын өнүгүүсүнө 660 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Мындай маалыматты уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорлорго Бишкек — Ош унаа жолун реконструкциялоо, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга киргизүү, 100дөн ашык медициналык багыттагы унаалар, Ош облусунда суу менен камсыздоону жакшыртуу, жетүүгө кыйын болгон аймактарда ооруларын алдын алуу үчүн «Ден соолук кербени» гранттык программасы, айыл чарба техникаларын жеткирүүнү каржылоо, турукташтыруучу каржылоо жана реформаларды колдоо кирет.

Эскерте кетсек, Кыргызстан фондду негиздеген мамлекеттердин катарына кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума