10:33
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Улуттук банк ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата коллекциялык тыйындарды чыгарды

Улуттук банк 30-апрелден тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл» күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарды.

Банктын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 29-майында Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жыл толот.

Коллекциялык тыйындын алдыңкы бетинде ЕАЭБдин расмий эмблемасы чагылдырылган, эмблеманы тегерете ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин желектери, ошондой эле өнүгүү динамикасын билдирген элементтер чагылдырылган.  Сол жагында ЕАЭБдин юбилейлик датасы «10 жыл» деген жазуу жайгашкан. Тыйындын жээгинде «Евразия экономикалык биримдиги/ Евразийский экономический союз» деген жазуу түшүрүлгөн.

Анын арткы бетинин так ортосунда Кыргызстандын герби жайгашкан. «Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл» коллекциялык тыйыны Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Коллекциялык тыйындар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 миң 780 сомдон сатылууда.

Евразия экономикалык биримдиги— мүчө мамлекеттердин экономикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, биримдиктин алкагында бирдиктүү товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, капитал жана эмгек ресурстары рыногун түптөөгө умтулуу, мүчө мамлекеттердин калкынын жашоо-турмушун жогорулатуу үчүн улуттук экономикалардын атаандашуу мүмкүнчүлүгүн ар тараптуу модернизациялоо, кооперациялоо жана жогорулатуу максатында түзүлгөн регионалдык экономикалык интеграция боюнча эл аралык уюм болуп саналат. Азыркы учурда ЕАЭБге беш өлкө кирет: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума