09:44
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими алынды

Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, облуста абал турукташып, суу каптаган аймактарда калыбына келтирүү, тазалоо иштери аяктады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелден 25-апрелге чейин 60тан ашык сел катталган. Сел Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Чүй жана Нарын облустарында жүргөн. 1 миң 92 кожолукту, анын ичинен 264 турак үйдү суу каптаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума