11:21
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы кармалды

Бишкекте «Беш-Сары» соода борборунун директору, шаардык кеңештин депутаты Н.Ж. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Сөз Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Наргиза Жолдошбаева жөнүндө болуп жатат.

«Беш-Сары» соода борборунун жетекчилиги тарабынан жеке менчикти ыйгарып алуу жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүү боюнча алдамчылык фактысын аныктоо үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы да аныкталган.

«Беш-Сары» ЖЧКсынын директору Н.Ж. 2023-жылдын ноябрь айында ишкерлердин ижара акысын 30 пайызга төмөндөткөн жана бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылган. Бирок аталган уюмдун жетекчилиги ижара акысы үчүн мурдагы бааларды кайтарууну жана жогорулатууну көздөгөн. Мындай кадам «Беш-Сары» соода түйүнүндөгү ишкерлердин нааразычылыгын жараткан», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы

29-апрелде «Беш-Сары» ЖЧКсынын директору Наргиза Жолдошбаева кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума