10:01
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Ноокат жана Ысык-Көл округдарында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт

№ 5 Ноокат жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоо жекшемби күнү, 30-июнда болот.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга шайлоону Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылды. Ал эми министрлер кабинетине шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүү, шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн маалыматтарды тактоо боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле министлер кабинети шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууда, электрондук мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууда, мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын түзүүдө Боршайкомго көмөк көрсөтүшү керек. Мындан тышкары, добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу тапшырмасы коюлду.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Жусупбек Коргонбай уулу жана Максатбек Сарбагышев мандаттарын тапшыргандан кийин алардын орду бош калган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума